КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧҮЙ ОБЛУСУНУН КЕМИН РАЙОНУНУН ЧЫМ-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧЫМ-КОРГОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ БОЮНЧА ТАРЫХЫЙ МААЛЫМКАТ
Чым-Коргон а.
Чым-Коргон айыл аймагынын Чым-Коргон айыл өкмөтү сельский Совет болуп 1929 жылдары түзүлгөн. Ал кезден бери аты көп жолу өзгөргөн: 1930-1936-жылдары Кыргыз АССРнын Чүй районунун Чым-Коргон сельСоветинин жумушчу, дыйкан депутаттарынын аткаруу комитети болсо, 1936-1939-жылдары Кыргыз ССРнин Чүй районунун Чым-Коргон сель Советинин эмгектенген депутаттарынын аткаруу комитети болгон, 1939-1944-жылдары Фрунзе областынынын Чүй району болуп өзгөрсө, 1944-1948-жылдары Фрунзе областынын Быстровка районунун Чым-Коргон сель Советинин эмгектенген депутаттарынын аткаруу комитети болгон. 1948-1962-жылдары Кыргыз ССРнин Фрунзе областынын Быстровка районунун Чүй сельСовети болуп өзгөргөн. 1964-жылы кайра Кыргыз ССРнин Чүй районунун Чым-Коргон сельСоветинин эмгектенген депутаттарынын аткаруу комитети болуп, тарыхый атына келген. 1964-1977-жылдары Кемин районунун Чым-Коргон сельСоветинин эмгектенген депутаттарынын аткаруу комитети болуп райондун аты өзгөргөн. 1977-1991-жылдар Кемин районунун Чым-Коргон сельСоветинин эл депутаттарынын аткаруу комитети болуп өзгөргөн. Эгемендик алганда 1991-1994-жылдар Кыргыз Республикасынын районунун Чым-Коргон сель Советинин эл депутаттарынын аткаруу комитети, 1994-1996-жылдары сельСовет айылдык Кеңешке алмашып, Кыргыз Республикасынын Кемин районунун Чым-Коргон айылдык Кеңеш болуп аталган. 1996-жылы айылдык Кеңеш айыл өкмөтү болуп, 2011-ж.август айынан баштап Кыргыз Республикасынын Кемин районунун Чым-Коргон айыл округунун Чым-Коргон айыл өкмөтү, 2023-жылдын август айынан баштап Кыргыз Республикасынын Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Чым-Коргон айыл өкмөтү болуп аталып келет.
Чым-Коргон айыл аймагынын Чым-Коргон айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болуп, ошол аймактын жашоочуларынын кызыкчылыгын мамлекеттик органдардын алдында коргошот, жергиликтүү кеңештерде ошол аймакка тиешелүү маселелер каралып, социалдык чөйрөдөгү объектилердин курулушун, жайгаштырылышын, ремонттолушун жүзүгө ашырышат, жергиликтүү кеңештин жана мамлекеттик акимчиликтердин чечимин аткарууга көмөктөшүп, жергиликтүү тургундардын жыйындарынын чечиминин аткарылышын уюштурушат. Калктын жашоосун оңдоо үчүн ар кандай жумуштарды аткарат, маданий жана чарбалык иштерин жүзөгө ашырып, өзүнүн аймагында коргоону камсыз кылат, укук тартибин, коомдук уюмдардын ишин координациялайт, өзүнүн аймагына караштуу жайгашкан мекемелерди каржылоону ишке ашырат.
2023-жылдын 29-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Кемин районунун мурдагы Алмалуу айыл өкмөтү жана Чым-Коргон айыл өкмөтү биригип, Чым-Коргон айыл аймагынын Чым-Коргон айыл өкмөтү түзүлгөн. Чым-Коргон айыл өкмөтүнө: Кызыл-Суу, Алмалуу, Борду, Самансур, Чым-Коргон, Бообек айылдары карайт. Жайгашкан жери – Чым-Коргон айылы . Калкынын саны 2025-жылдын 1-январына карата 8505 адам, үй чарбалардын саны 1690.
Тарыхый маалымкатты тоолуктоону айыл өкмөтүнүн башчынын орун басары-жооптуу катчысы А.Джамангулова түздү
